08.02.2019 16:54

Мурунку министр Талантбек Батыралиев мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген деп шектелүүдө

Мурунку министр Талантбек Батыралиев мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген деп шектелүүдө

Мурунку саламаттык сактоо министри Талант Батыралиев мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген деп шектелүүдө. Бул туурасында УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынан билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, кечээ, 7-февраль күнү мурунку министрге КР Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 4-бөлүмү жана 322-беренесинин 2- бөлүмүнүн 2п. боюнча жасалган кылмыштарга шектүү экендиги тууралуу билдирме берилди.

«Белгилей кетсек, КР Эсептөө палатасы түзгөн актысына ылайык, Т.Батыралиев 2014-2018 жылдар аралыгында КР саламаттык сактоо министри кызматында иштеп туруп, өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен колдонуп, 4 стадиядагы бөйрөк оорулары менен ооруган бейтаптарга гемодиализ методу менен медициналык жардам берүү боюнча кызмат көрсөтүүнү сатып алууларда мамлекетке пайдасыз бир нече келишимдерди түзгөн. Жыйынтыгында, мамлекетке 107 млн.сомдон ашык зыян келтирилген», -деп жазылат маалыматта.

Азыркы убакта тергөө иштери жүрүп жатат.