16.08.2019 20:43

Мурунку өкмөт башчысы Сапар Исаковдун абалы - канааттандыраарлык

  Сапар Исаковдун иши (4 материала)
Мурунку өкмөт башчысы Сапар Исаковдун абалы - канааттандыраарлык

Кыргызстандын мурунку өкмөт башчысы Сапар Исаковдун абалы канааттандыраарлык. Бул туурасында анын жактоочусу Замир Жоошевдин сөзүнө таянуу менен Гүлнура Төралиева Фейсбук социалдык тармагына жазып чыкты. 

Учурда ал Бишкектеги Улуттук госпиталда. Анын палатасын онго жакын күч органдарынын кызматкерлери кайтарып жатышат. Палатага жактоочусунан башка эч кимди киргизишкен жок. Жадагалса, жубайы да кире албай турганы айтылат. 

«Сапар Исаков адаттагыдай эле эч нерсеге арызданган жок. Аябай акырын сүйлөй алат, колу-бутун кичине кыймылдатып жатат. Дарыгерлердин айтымында, эртең менен анын абалы кескин оорлошуп кетип, шашылыш ооруканага алып келип, консилиум өткөрүшүптүр. Бир нерсе деп айтыш оор, анткени, палатага эч кимди киргизбей жатышат, медиктер эч нерсе айтпай жатышат», - деди Төралиева.

Ал арада Саламаттыкты сактоо министрлиги Исаков Улуттук госпиталга бүгүн саат 16:50 чамасында «кыр арка омурткасындагы тамырларда кан айлануунун бузулушу» деген диагноз менен келип түшкөнүн билдирди.