29.04.2019 16:41

Мусажан Макелекте ЖЭБге бөлүнгөн акча кайда сарпталганы тууралуу толук далил бар, - Нурбек Токтакунов

Мусажан Макелекте ЖЭБге бөлүнгөн акча кайда сарпталганы тууралуу толук далил бар, - Нурбек Токтакунов

Мусажан Макелекте ЖЭБди жаңылоого бөлүнгөн каражаттын баары ТВЕА компаниясы тарабынан өздөштүрүлгөнү тууралуу толук далилдер бар. Бул туурасында бүгүн, 29-апрелде мурунку өкмөт башчысы Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов билдирди.  

Адвокат иштин дагы бир фигуранты -көмөкчүлүккө жана коррупцияга айыпталып жаткан Мусажан Макелектин ишин кандайдыр бир амалкөйлүк менен мыйзамды айланып өтүп,  өзүнчө өндүрүшкө алып жаткандарын белгилейт. 

«КР Жазык кодексине ылайык,  ар тараптуу жана объективдүү иликтөөгө таасир этпей турган учурда гана кылмыш ишин өзүнчө өндүрүшкө бөлүп кетсе болот. Бул жакта болсо, фигуранттардын баары ТВЕА  компаниясы өздөштүргөн каражаттарды ыгы жок сарптоого айыпталып жатышат. Иштин материалдарында 386 млн доллардын баары банктан түз эле ТВЕА компаниясына түшүп турганын тастыктаган далилдер бар. Мусажан Макелек чынында эле бул каражаттардын баарын Кытай компаниясы кантип короткону тууралуу талашсыз далилдерге ээ. Ошол себептен, аны бул иштен кандайча бөлүп чыгып кетишкен деген суроо жаралат», - деди ал.

Нурбек Токтакуновдун айтымына караганда, Макелектин кылмыш ишинин андан аркы тагдыры  эмне болгону  белгисиз, анткени, аны  өндүрүштөн чыгарышкан.

«Демек, бул ишти караш керек болчу. Аны кантип карашты? Макелек кандайча жок болуп кетти?  Ал акыркы маалыматтарга караганда,  Кытайдын чек арасын ашып кетиптир.  Демек,  Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети  бир жагынан кытайлык мафияны айыптап,  экинчи жагынан ошол эле кытай мафиясын актоого аракет кылып жаткан кырдаал жаралат. Анда учурда камакта отургандардын бул ишке эмне тиешеси бар?»"- деп суроо салат жактоочу.

Белгилей кетсек, Мусажан Макелек ТВЕА компаниясынын Кыргызстандагы жалгыз кыргыз өкүлү болгон. Аны Бишкек ЖЭБин жаңылоого  275 млн доллар кетирип, калган 111 миллионун Сапар Исаковго берген деген имиш менен кармашкан.