01.02.2019 11:36

Муз тоңгон көлмөдө ойноп жаткан. Куткаруучулар сууга түшүп кеткен баланы сактап калышты

Муз тоңгон көлмөдө ойноп жаткан. Куткаруучулар сууга түшүп кеткен баланы сактап калышты

Чүй облусунун Аламүдүн районунда 15 жаштагы бала куткаруучулардын жардамы менен өлүмдөн калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Окуя кечээ, 31-январы күнү болуп өткөн. Саат 14:25те Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Ленин айылындагы Коммунарская көчөсүнүн четинде жайгашкан көлмөдө тоңгон муздун үстүндө ойноп жаткан бала сууга түшүп кетти деген маалымат келген.  

№1 Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары 5 мүнөт ичинде жетип, дароо куткарганга киришет. Өспүрүм жээктен 15-20 метр алыстыкта суу ичинде, музду карманып турган.  Куткаруучулар аркан байланып, муздун үстү менен барып чөгүп жаткан балага аркан ыргытып, тартып чыгышкан.

Учурда баланын абалы туруктуу.