26.08.2019 10:03

Музей жетекчиси Атамбаевди өлтүрүүнү сурандыбы? КСДП сүйлөшүүгө экспертиза жүргүзүүнү талап кылат

  Алмазбек Атамбаевдин иши (32 материалов)
Музей жетекчиси Атамбаевди өлтүрүүнү сурандыбы? КСДП сүйлөшүүгө экспертиза жүргүзүүнү талап кылат

Кыргызстан Социал-демократиялык партиясы Ички иштер министрлигине жана Башкы прокуратурага ачык кат жолдоду. 

Кайрылуу ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асанов менен Улуттук көркөм өнөр музейинин директору Мира Жангарачеванын ортосундо болду делген телефондук сүйлөшүүнүн аудио жазуусуна байланыштуу. Бул жазууну социалдык тармакка жарыялагандардын билдиришинче, телефондук сүйлөшүү 2019-жылдын 7-августунда болгон. 

Кеп «Беспредел.kg» баракчасына жарыяланган бул аудио жазуу тууралуу жүрүп жатышы мүмкүн. 

Мурдараак Мира Жангарачева өзү бул аудио жазуу тууралуу жергиликтүү ЖМКлардын бирине комментарий бергени белгиленген.  

она сказала это в разговоре нашему журу. ну выразилась на эмоциях, что теперь раздувать

— Mahinur (@_Niyazova) 10 августа 2019 г.

 

КСДПнын ИИМ жана Башкы прокуратура башчыларына кайрылуусунун тексти:

«Сиздерден телефондук сүйлөшүүгө экспертиза жасоону өтүнөбүз, биз өз кезегинде аталган жазуунун жасалма эместигин тактоо үчүн чет өлкөдөгү эл аралык экспертизага жөнөткөнүбүздү билдиребиз. 

Биз сиздерден бул телефондук сүйлөшүү боюнча Мира Жангарачева менен Курсан Асановду суракка алууну, эгер жазуунун жасалма эмес экени такталган болсо, Мира Жангарачевага карата киши өлтүрүүгө түртүү, зомбулук кылууга үндөө фактылары менен кылмыш ишин козгоого чакырабыз. .

Бизде Мира Жангарачевага карата эч кандай жаман көрүү сезимдери жок, жамандык да каалабайбыз, бирок мамлекеттик кызматкердин, болгондо да жаштарга үлгү көрсөтүүчү музей жетекчиси рангын алып жүргөн адамдын мындай жүрүм-турумун туура эмес деп эсептейбиз.  

Сиздерден териштирүү иштерин жүргүзүп, мыйзам чегинде кылмыш ишин козгоону көптөн-көп суранабыз, болбосо, бийлик Атамбаевди жок кылып коюуну көздөгөн деген эл арасындагы сөздөр ого бетер бекемделип, Мира Жангарачеванын айтканына көнбөй койгон Курсан Асановдун жумуштан айдалуу фактысы ал ойду тастыктап калат».