Нариман Түлеев менен Бабанов - бир учакта. «Республика» лидери Кыргызстанга чындап кайтууну чечти

Нариман Түлеев менен Бабанов -  бир учакта.  «Республика» лидери Кыргызстанга чындап кайтууну чечти

Бишкек шаарынын экс-мэри Нариман Түлеев жана Кыргыз Республикасынын президенттигине мурун талапкерлигин койгон Өмүрбек Бабанов Бишкекти көздөй бет алышты. Эки саясатчы Москвадан бир учакка отурушуп, учуп келе жатканын 24.кейжи агенттигине Түлеев маалымдаган. 

«Бул күтүүсүз жолугушуу болду. Учактын ичине кирип, Өмүрбекти жолуктурдум», - дейт Бишкек шаарынын мурунку башчысы. Эске салсак, мурдараак ал бир учакта экс-президент Алмазбек Атамбаев менен дагы учуп, аны менен бирге сүрөткө түшкөнгө дагы жетишкен. 

Кыргызстанга кайтып келээрин «Республика – Ата Журт» партиясынын лидери 24.кейжи маалымат агенттигине тастыктаган. Учак эл аралык «Манас» аэропортуна саат 14:40та келип конот.  

«Өлкөдө оор саясий кырдаал болуп жатканда четте карап тура албайм. Мен качкан эмесмин, кайтып жатам. Силердин эсиңерде бар да, мен өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгом», - деп билдирген Өмүрбек Бабанов тергөө органынын биринчи чакырыгы менен дароо сурак бергенге даяр экендигин дагы кошумчалады. 

Алгачкылардан болуп Өмүрбек Бабановдун кайтып келээри тууралуу маалыматты «Республика – Ата Журт» партиясы таркаткан. Өз кезегинде УКМК аны эки кылмыш иши боюнча жоопко тартаарын бышыкташты. Оштогу «Амир-Тимур» кичи районундагы саясатчынын чуулгандуу билдирүүсү жана бийликти күч менен  артып алуу боюнча, ошондой эле массалык башаламандыктарды даярдоо боюнча. 
Белгилей кетсек, бул Өмүрбек бабановдун Кыргызстанга кайтуу боюнча экинчи аракети. Үстүбүздөгү жылдын апрель айында ал билет алып Бишкекке чыгуууга камданып жатканда, УКМК аны дароо кармап, жоопко тартаарын билгенде, билетин кайра тапшырып, Орусияда калып калган.