06.08.2018 12:16

Нарын дарыясына агып кеткен 30 жаштагы жаранды издөө иштери улантылууда

Нарын дарыясына агып кеткен 30 жаштагы жаранды издөө иштери улантылууда

Нарын дарыясына агып кеткен 30 жаштагы жаранды издөө иштери улантылууда. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

4-август күнү Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын Достук айыл аймагына караштуу Бачок тилкесинде Нарын дарыясына 1988-жылы туулган Б.З. аттуу жаран түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. 5- август күнү издөө иштери жүргүзүлүп, бирок табылган эмес. 

Бүгүн, 2018-жылдын 6-август күнү саат 08:40та издөө иштерин улантуу максатында КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 6 куткаруучу жана КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын №2 Издөө-куткаруу отрядынан 13 куткаруучу, жалпы 19 куткаруучу тартылды.