23.11.2018 10:01

Нарын дарыясына чөгүп кеткен жоокердин үй-бүлөсүнө 2 миллион сом компенсация берилди

Нарын дарыясына чөгүп кеткен жоокердин үй-бүлөсүнө 2 миллион сом компенсация берилди

Ушул жылдын август айында Таш -Көмүр шаарында сууга чөгүп кеткен жоокердин үй-бүлөсү компенсация катары 2 миллион сом алды. Ал эми бөлүктүн командирине шарттуу жаза берилди. Бул тууралуу жабырлануучу тараптын өкүлдөрүнө таянып,  24.kg агенттиги жазып чыкты. 

Маалыматка караганда, процесс кечээ аяктаган. Бирок, каза болгон жоокердин жакындары аны тапшырма аткарууга жөнөткөн командирди түрмөгө кесилсин деп талап кылышкан.

Эске салсак, 13-августта ӨКМдин издөө-куткаруу отрядынын жоокери Мирлан Доолбек уулу жана дагы 3 жоокер Нарын дарыясына чөгүп кеткен Таш-Көмүр шаарынын тургунунун сөөгүн издөө иштерине тартылган. Кечке маал жоокерлер сууга түшүп алууну чечишип, командирден уруксаат алышкан. Алар «Бочок» пляжына чейин сүзүп барууну чечишип, бирок орто жолдон Мирлан Доолбек уулун таппай калышкан. Акыркы жолу аны балырлар жыш өскөн жерден көрүшкөн. 

Эртеси жоокердин сөөгүн жээктен 17 метр алыстан, 3,5 метр тереңдиктен табышкан. Анын денесинен киши колдуу болгонунун издери табылган эмес.

Жакындары бул кокустук экенине ишенишпей, Аскер прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголгон.