06.02.2020 14:15

Нарын эли логистикалык борборго каршы митингин улантууда

Нарын эли логистикалык борборго каршы митингин улантууда

Нарын облусунун Ат-Башы районунда логистикалык борбордун курулушуна жергмлмктүү тургундар каршы. Алар бүгүн, 6-февралда кайрадан каршылык акциясына чыгышты.

Маалыматка караганда, чогулгандар курулушка уруксат берилбешин жана долбоор токтотулушун талап кылууда.

Ал эми өкмөт болсо, соода-логистикалык борбордун ачылышылы менен 13 миң жумуш орду түзүлөөрүн айтууда. Долбоордун жалпы сметалык баасы 280 миллион доллар. Аталган борборду куруу менен аймакка инвестиция тартылат, өндүрүлгөн өнөр жай продукциясынын жана экспорттун көлөмү көбөйөт, социалдык жана инфраструктуралык мааселелер чечилет деп маалымдашкан.

Белгилей кетсек, жергиликтүү тургундар буга чейин дагы митинг уюштурушкан. Анда алар логистикалык борборду куруу үчүн жер 49 жылга ижарага берилишине каршы чыгышкан.