31.07.2019 09:30

Нарын облусунда болгон жол кырсыгынан бир аял жана 6 айлык наристе каза болду

Нарын облусунда болгон жол кырсыгынан бир аял жана 6 айлык наристе каза болду

Нарын облусунда болгон жол кырсыгынан бир аял жана 6 айлык наристе каза болуп, он киши жаракат алды. Кырсык кечээ, 30-июль күнү эртең менен жүз берген, деп жазат Turmush агенттиги.

Маалыматка караганда, Нарын—Баетов унаа жолунун 90-чакырымында «Ниссан Цефиро» жана «Тойота Ипсум» үлгүсүндөгү эки унаа кагышкан. «Ниссан Цефиродо» 7 адам, «Тойота Ипсумдун» ичинде 5 адам болгон. Кырсыктан 10 адам жаракат алып, ооруканага жаткырылган. 1 аял киши менен 6 айлык кыз жеринде каза тапкан.

Нарын облустук ооруканасынын дарыгерлеринин маалыматына таянуу менен агенттик жаракат алган дагы эки адамдын (аялы-күйөөсү) абалы оор экенин билдирет.