24.06.2019 16:29

Нарын облусунда коменданттык саат киргизилет

Нарын облусунда коменданттык саат киргизилет

Нарын облусунда эртеңден баштап, коменданттык саат киргизилет. Бул туурасында April.kg порталына Нарын облустук администрациясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, коменданттык саат 25-июндан 27-июнга чейин жүрөт. Шаардын Чыгыш, Батыш аймактарына тосмолор (блок-посттор) коюлат.  27-июнга караган түнү шаар ичин түнкү кайгуул кызматы көзөмөлдөйт. Облус тургундарына саат 18:00дөн эртең мененки 8:00гө чейин үйлөрүнөн чыкпоо сунушталат.

«Бул «Коопсуздук-2019» республикалык командалык окуу-машыгуу иш-чарасын өткөрүүгө байланыштуу. Иш-чаранын максаты ар кандай табигый, техногендик кырсыктарга, массалык баш-аламандык учурларына жана өзгөчө кырдаалдарга карата Нарын облусунун күч түзүмдөрүнүн, атайын кызматтарынын, мекеме-ишканаларынын даярдыктарын текшерүү болуп саналат», -дешти обладминистрациядан.

Эскерте кетсек, былтыр дал ушундай иш-чарасы Ысык-Көл облусунда өткөрүлгөн.