06.12.2018 12:23

Нарын облусунда очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Нарын облусунда очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. 

Маалыматка караганда,  2018-жылдын 6-декабрь күнү саат 11:05те Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. 

Жер титирөө Ак-Талаа районунун Терек, Кара-Булак, Орто-Сырт айылдарында 3,5 баллга, Ак-Чий, Баетов айылдарында 3 баллга жана Байгөнчөк айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.