27.09.2018 10:05

Нарын облусунда унаа ала салып кетип, айдоочу каза тапты (сүрөт)

Нарын облусунда унаа ала салып кетип, айдоочу каза тапты (сүрөт)

Нарын облусунда унаа ала салып кетип, ичиндеги бир адам каза болуп, дагы бири жабыркады. Бул тууралуу April.kg порталына Нарын облустук ЖКККБдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 26-сентябрда саат 23:30да Кочкор-Арал унаа жолунун 106-чакырымында болгон. 

«Ауди-100» үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулду башкара албай, жолдон чыгып оодарылып кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен 52 жаштагы Ишенбек Шүкүрбеков аттуу унаанын айдоочусу каза таап, 47 жаштагы Малдыбай Шералиев аттуу жүргүнчүсү оор абалда Жумгал райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды», -деп билдиришти маалымат кызматтан.