09.09.2019 13:53

Нарында контейнер-мектепте окуган балдар башка имаратка көчүрүлөт

Нарында контейнер-мектепте окуган балдар башка имаратка көчүрүлөт

Нарын районунун Кеңеш айылында контейнер-мектепте билим алып жаткан окуучулар суук түшкөнчө башка имаратка көчүрүлүп, ал жактан окуусун улантат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын Нарын облусуна жумуш сапары учурунда билдирилди.

Маалыматка караганда, вице-премьер-министр жумуш сапарынын алкагында Кочкор, Ак-Талаа жана Нарын райондорундагы авариялык абалдагы мектептерди көргөн. Мындан тышкары Кочкор районундагы Кара-Мойнок жана Дөң-Алыш айылдарындагы жаңы мектептердин ачылышына катышкан. 

«Кеңеш айылынын окуучулары суук түшкөнчө башка имаратка көчүрүлүп, ал жактан окуусун улантат. Бул имаратты билим берүү багытына өзгөртүү үчүн тиешелүү акча каражаты каралды. Учурда оңдоп-түздөө иштери жүрүүдө. Ошондой эле жакынкы арада жаңы мектепти куруу иштери башталат, анын долбоордук-сметалык документациясы даяр», -деп айтылат маалыматта.