29.08.2018 12:42

Нарындагы жол кырсыгы. Таене каза таап, неберелери оор жаракаттар менен ооруканага түштү

Нарындагы жол кырсыгы. Таене каза таап,  неберелери оор жаракаттар менен ооруканага түштү

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы жол кырсыгынан 60 жаштагы аял каза болуп, анын эки небереси жандандыруу бөлүмүнө жеткирилди. Бул тууралуу Нарын облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн April.kg порталына билдиришти. 

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 28-август күнү кечки саат 20:20 чамасында катталган.

«Ат-Башы айылынын 35 жаштагы Т.Б. аттуу тургуну «Ауди А6» үлгүсүндөгү унаасы менен жолдон өтүп бараткан аялды жана анын эки небересин сүзүп алган. Натыйжада кырсык болгон жерден 60 жаштагы Бурул Сааданбекова аттуу аял каза болуп, анын жанындагы 7 жаштагы небереси Аделинанын буту сынса, 8 айлык Амир жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Учурда Ат-Башы РИИБи тарабынан тергөө иштери башталып, тийиштүү экспертизалар дайындалды», - дешти маалымат кызматтан.