17.09.2018 11:25

Нарын-Торугарт жолунда оор жүк ташуучу унаа жүздөн ашык койду тебелеп кетти

Нарын-Торугарт жолунда оор жүк ташуучу унаа жүздөн ашык койду тебелеп кетти

Нарын-Торугарт жолунун 419-чакырымында оор жүк ташуучу унаа чабандын 100дөн ашык коюн тебелеп кетти. Бул тууралуу April.kg порталына Нарын облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат катчысы Калыс Өмүрзаков билдирди.

Кырсык 15-сентябрь күнү түнкү саат 2:30 чамасында болгон. Анда Бишкектектен Кытайга бараткан айдоочу унаасы менен Арпа жайлоосунан Ат-Башы районундагы Кара-Суу айылына келаткан чабандын койлорун тебелеп кеткен.

«Чабан койлорду жол менен айдап келаткан. Бурулуштан чыга калган оор жүк ташуучу унаа аларды көргөндө тормозду баскан менен унаа күү менен барып, жүздөн ашык койду тебелеп кеткен. Алардын 97си өлүп, 10-15 даанасы жаракат алган. Учурда мал ээсинин жазган арызынын негизинде тергөө иштери жүрүп жатат», - деди Өмүрзаков. 

Мындай учурлардын кайталанышына жол бербөө максатында ЖКККБ кызматкерлери жарандардан:  «унаа жолдор менен мал айдоодо унаа башкаруучулардын жана өздүк коопсуздук үчүн беш жүз метр аралыкта алдыга бир чабандес барып, кызыл  белги менен мал келе жатат деген белги берип жүрүүсүн жана түнкүсүн жарыкты чагылдыруучу кийим кийүүнү суранат».   

 
Сүрөттөр ( +18)