15.01.2020 13:27

«Народный» дүкөнүнө куралчан ууруга кирген жаран изи сууй электе колго түшүрүлдү

«Народный» дүкөнүнө куралчан ууруга кирген жаран изи сууй электе колго түшүрүлдү

Бишкекте каракчылык менен кол салууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу ШИИББдан билдиришти. 

Маалыматка караганда, 14-январда саат 18:45те милицияга «Асанбай» кичи районундагы «Народный» дүкөнүндө каракчылык менен кол салуу болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.

Белгисиз киши кара беткап кийип, колуна белгисиз ок атуучу курал кармап алып дүкөнгө кирип шыпка ок чыгарган. Ал кассадан 30 миң сом алып качып кеткендиги айтылат.

Аталган окуяга шектүү катары 24 жаштагы Э.И. кармалып, далил катары бир нече буюм табылды.

Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүү башталды.