28.03.2019 15:35

National Geographic: Кыргызстандагы ар бир турист көрүүгө тийиш болгон сегиз ажайып жер

National Geographic: Кыргызстандагы ар бир турист көрүүгө тийиш болгон сегиз ажайып жер

National Geographic Кыргызстандын ажайып кооз сегиз жеринин сүрөтүн жарыялап, туристтер ал жерлерди сөзсүз барып көрүшү керек экенин билдирди. 

«Кыргызстандын борбордук көчөлөрү советтик типтеги имараттарга, базарларга жана мечиттерге толгон. Бирок, Бишкек менен Оштун ызы-чуу көчөлөрүнөн алысыраак чыккан конокторду керемет күтөт: Кыргызстандын кол тийбеген бөлүгүнө саякат», - деп жазат басылма. 

Ар бир турист көрүүгө тийиш деп эсептелген жерлердин тизмесине төмөнкү жайлар кирди: 

Чүй облусундагы «Ала-Арча» улуттук паркы (сүрөт автору ANTOINE BOUREAU, BIOSPHOTO/ALAMY);

Нарын облусундагы Көл-Суу көлү (сүрөт автору JULIETTE ROBERT, HAYTHAM-REA/RE​DUX);

Нарын облусундагы Таш-Рабат кербен сарайы (сүрөт автору JOHANN DERERSTE, ALAMY);

Ош облусундагы Ленин чокусу (сүрөт автору Kyrgyz Alpine Club);

Жалал-Абад облусундагы Арсланбоб жаңгак токою (сүрөт автору RAQUEL MOGADO, ALAMY);

Ысык-Көл облусундагы Ала-Көл көлү (сүрөт автору EVGENY DUBINCHUK, ALAMY);

Ысык-Көл облусундагы «Сказка» каньону (сүрөт автору ANA FLAŠKER, ALAMY);

Ысык-Көл облусундагы Бөкөнбаев айылы (сүрөт автору FRANCK METOIS, ALAMY).