23.08.2019 09:00

Назик айым алты жоокерди барымтага алыптыр. Соцтармактагылар Ирина Карамушкинанын үй камагына алынышы тууралуу

Назик айым алты жоокерди барымтага алыптыр. Соцтармактагылар Ирина Карамушкинанын үй камагына алынышы тууралуу

Социалдык тармактын колдонуучулары Жогорку Кеңеш депутаты, КСДПнын Саясий кеңешинин мүчөсү Ирина Карамушкинанын үй камагына алынганы тууралуу жаңылыкты катуу нааразычылык менен кабыл алышты.

Эскерте кетсек, кечээ, 22-августта эл өкүлүнүн баш коргоо чарасын аныктаган соттук отурум өтүп, Карамушкина үй камагына алынып, өлкөдөн чыкпоого милдеттендирилди. Аны 7-8-август күндөрү Кой-Ташта жүргөн атайын операция учурунда спецназ жоокерлерин барымтага алууга айыптап жатышат.

Депутаттын жактоочусу Анвар Курмушиевдин айтымында, буга чейин КСДП мүчөсүн күбө катары суракка алып жатышкан. Кийин Башкы прокуратура депутатка айып тагууга камданып жатканы белгилүү болгон.

 

 

 

 

 

Карамушкина и "задержание заложников" это такие нелепые и не совместимые вещи, что должно быть смешно. Но совсем не смешно. А очень грустно, что нынешняя власть опять наступает на старые грабли.

— Adil Turdukulov (@adil_turdukulov) 22 августа 2019 г.