28.05.2018 09:56

Неаполдо дүйнөдөгү эң чоң пицца жасалды

Неаполдо дүйнөдөгү эң чоң пицца жасалды

Неаполдо дүйнөдөгү эң чоң куурулган пиццаны даярдашты, анын узундугу жети метрден ашат деп билдирет ТАСС.  Аны жасоого 100 ашпоз биригип, бир нече саат убактысын жумшашты.

Тамактын узундугу 7 метр, 15 сантиметр. Аны жасоого 83 килограмм ун, 50 килограмм моцарелла быштагы, 15 килограмм рикотта быштагы, 7 килограмм томат соусу жана 15 килограмм чочко майы колдонулган.