Чет өлкөлөрдө 150дөн ашуун кыргыз жарандары коронавирус менен ооруп калышты

Чет өлкөлөрдө 150дөн ашуун кыргыз жарандары коронавирус менен ооруп калышты

Бүгүнкү күндө чет өлкөдө жүргөн кыргызстандын жарандарынан COVID-19 илдетин жуктурган 154 учур катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча Республикалык штаб кабарлады.

  • Маалыматка караганда, эң көбү Орусияда чалдыккан.
  • Россия – 105
  • БАЭ – 7 (алардын ичинен 5 айыгып чыгарылган)
  • Пакистан – 22 (бардыгы чыгарылган)
  • Индия – 7 (1 каза тапкан, 6 чыгарылган)
  • Испания – 1 (чыгарылган)
  • Малайзия – 3 (чыгарылган)
  • АКШ – 1 (чыгарылган)
  • Өзбекстан – 1
  • Греция - 1 (чыгарылган)
  • Казакстан – 5 (4 - Бишкекте, 1 – Алматыда дарыланууда)
  • Италия – 1

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруунун 1350 учуру катталды. Ичинен 949 киши айыгып, ооруканадан чыгарылышкан. Ал эми ооруканаларда 387 бейтап жатышат. 4 жаран кайра жандандыруу бөлүмүндө. Илдеттен 14 киши көз жумган.