05.07.2019 17:34

Нигерия жаранынын өлүмү. Шектүү эмне дейт?

Нигерия жаранынын өлүмү. Шектүү эмне дейт?

«Айчүрөк» соода борборунун жанынан муштум жеп, каза тапкан нигериялык жаран менен жергиликтүү тургундун ортосундагы жаңжал телефонго тартуудан чыккан. Бул туурасында кылмышка шектелип кармалган жаран Бишкек шаардык милициясына берген көрсөтмөсүндө айткан. 

«Шектүү тергөө учурунда, 2-июль күнү ГУМ «Чынар» соода борборунун жанында социалдык тармактагы баракчасы аркылуу түз эфирде достору менен сүйлөшүп жатканын айтты. Ошол учурда чет элдик жаран келип аны телефонго тартпоону суранган. Ал «мен сизди телефонго тарткан жокмун» деп айткан. Андан соң чет элдик жаран сөгүнө баштаганда экөө жаңжалдашып ЦУМ тарапка барышкан. Бишкектик жигит кемсинтүүгө чыдабай Нигериянын жаранын бетке урган», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, окуя 2-июль күнү Бишкекте болжол менен саат 16.00дө ЦУМдун жанында болгон. Кылмышка шектүү катары 22 жаштагы кыргызстандык жигит кармалган. 

ИИМдин маалымат кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитов маркум менен шектүү бири-бири менен тааныш эместигин, экөө ЦУМдун чыга беришинен кокусунан түртүшүп кеткенин айткан. Андан кийин сөздөн-сөз чыгып уруша кетип, шектүү чет элдик жаранды уруп жибергенде жыгылып, жерге каракушу менен тийгенин билдирген.

Маркум Бишкектеги Cambridge School мектебинин директорлугун аркалап, англис тилинен сабак берчү. Анын сөөгү бүгүн, 5-июлда Арча-Бешик айылындагы көрүстөнгө коюлду.