24.04.2018 16:53

Николас Кейдж актерлук кесиби менен коштошот

Николас Кейдж актерлук карьерасын жыйынтыктай турганын жар салды, эми ал өзү фильм тартат. Бул туурасында NME билдирди.

«Учурда негизинен кинодо роль жаратып жатам, бул иш менен дагы 3 же 4 жыл алектенейин деген оюм бар. Андан кийин режиссура жагына көңүл бурам», — деп түшүндүрдү  Кейдж.

IMDb киноресурсунун маалыматына караганда, артист бир маалда 7 долбоордо иш алып барууда — беш фильмде башкы ролду аткарып, эки анимациялык тасмада үн коштоп жатат. Кейдждин биринчи жана азырынча жалгыз режиссердук иши «Жиголо» 2002-жылы экранга чыккан.

54 жаштагы Кейдж өз карьерасында 80ден ашык тасмага тартылган.