02.10.2018 11:50

Нобелдин медицина жаатындагы сыйлыгы ракты дарылоодо жаңы ыкма тапкандарга ыйгарылды

Нобелдин медицина жаатындагы сыйлыгы ракты дарылоодо  жаңы ыкма тапкандарга ыйгарылды

Иммунолог дарыгерлер – америкалык Жеймс Эллисон менен япониялык Тасуку Хонжо Нобель сыйлыгынын медицина жана физиология тармагы боюнча жеңүүчүлөрү болуп табылды. Стокгольмдогу Каролин институтунун Нобель комитети жарыялагандай, аларга бул сыйлык ракты (өсмөнү) дарылоодогу жаңы ыкмасы үчүн ыйгарылды.

Тасуку Хонжо 1942-жылы Жапонияда туулган, 1988-жылдан бери Киото университетинин профессору. 1948-жылы туулган Жеймс Эллисон Хьюстон университетинде иштейт.

Сыйлыкка кошуп бериле турган 1 миллион доллар каражатты эки окумуштуу бөлүп алат.

1901-жылы Швецияда Нобель сыйлыгы ыйгарыла баштагандан бери келаткан салтка ылайык, медицина жана физиология тармагындагы илимий ачылыштардын лауреаттары биринчи болуп жарыяланат.

Башка тармактар боюнча 2018-жылдагы Нобель сыйлыгын тапшыруу да ушул жумада уланат. Нобелдин физика боюнча жеңүүчүсү 2-октябрда, химия боюнча жеңүүчүсү 3-октябрда белгилүү болот. Ал эми тынчтык сыйлыгы 5-октябрда жана экономика боюнча сыйлыгы 8-октябрда ыйгарылат. Нобелдин адабият боюнча сыйлыгы быйыл ыйгарылбайт.