25.02.2019 12:32

Ноокат районунда электр зымдарынын кыска туташуусунун кесепетинен турак үй өрттөндү

Ноокат районунда электр зымдарынын кыска туташуусунун кесепетинен турак үй өрттөндү

Ош облусунун Ноокат районунда электр зымдарынын кыска туташуусунун кесепетинен турак үй өрттөндү. Бул туурасында ӨКМден билдиришти. 

Маалыматка караганда, 2019-жылдын 23-февраль күнү саат 21:05 чамасында Ош облусунун Ноокат районунун Үч-Бай айылындагы Мадиханов көчөсүндө жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 86 чарчы метр чатыры жана үй тиричилик буюмдары күйгөн.

Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнин №71 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 2 бөлүм тартылып, өрт саат 22:00дө чектөөгө алынып, саат 22:21де толук өчүрүлгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби электр зымдарынын кыска туташуусу болгон.

КР ӨКМнин адистери өрт коопсуздугунун эрежелерин, айрыкча, электр приборлорун пайдаланууда өрт коопсуздугунун эрежелерин так сактап, үйдөн чыгып кетип бара жатканда электр приборлорун өчүрүп чыгууну эскертишет.