19.12.2018 16:52

Ноокат районундагы жол кырсыгы 2 адамдын өмүрүн алып кетти

Ноокат районундагы  жол кырсыгы 2 адамдын өмүрүн алып кетти

Ноокат районунун Өсөр айылында болгон жол кырсыгы 2 адамдын өмүрүн алып кетти. Бул тууралуу Ош ЖККБдан кабарлашты.

Маалыматка караганда, авария кечээ, 18-декабрда саат 23:30 чамасында катталган. Анда Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаа батыштан чыгышты көздөй бара жатып, жолдо токтоп турган жүк ташуучу унаага урунган.

Жеңил унаанын ичиндеги 86 жаштагы карыя кырсык болгон жерде көз жумган. Ал эми, унаанын айдоочусу, карыянын 57 жаштагы уулу Ноокат аймактык ооруканасында каза тапкан.

Бул кырсык боюнча Ноокат РИИБ тарабынан тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалып, учурда тергөө иштери жүрүп жатканы маалымдалат.