Ноокатта 80 жаштагы бейтап каза тапты

Ноокатта 80 жаштагы бейтап каза тапты

Кыргызстанда коронавирустан көз жумган экинчи учур катталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Маалыматка караганда каза тапкан жаран Оштон болот. Жугуштуу илдетти чет өлкөдөн жуктуруп келген. 80 жаштагы карыя Ноокат аймактык ооруканасында дарыланып жаткан. Анын жүрөгү кармап дүйнө менен кош айтышканы айтылат.

Муну менен коронавирустан мерт болгон кыргызстандыктардын саны экиге жетти. 2-апрелде да Ноокат ооруканасында COVID-19 аныкталган 61 жаштагы бейтап көз жумган. Анын кант диабети оорусу бар экени айтылган эле.

Бүгүн, 5-апрелге карата өлкөдө дагы 3 адамдан коронавирус аныкталып, бейтаптардын жалпы саны 147 адамга жетти.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда COVID-19 вирусунун жайылышынын алдын алуу максатында Коопсуздук кеңешинин чечими менен жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары 16-марттан баштап эс алууга таратылган. Республика боюнча 18-марттан тартып өзгөчө кырдаал, ал эми коронавирус катталган айрым аймактарга 25-марттан баштап өзгөчө абал киргизген.

Ал эми 25-марттан тартып Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыялаган.