17.07.2018 16:06

Ноокатта никесиз төрөгөн кызды апасы менен бир тууганы өлтүрүп, сууга ыргытып жиберген

Ноокатта никесиз төрөгөн кызды апасы менен бир тууганы өлтүрүп, сууга ыргытып жиберген

Ноокат районунда 22 жаштагы кызды өлтүрүп, бутун байлап туруп, суу сактагычка ыргытып жиберишкен. Бул туурасында Ош облусунун ИИБсынын жетекчисинин орун басары Оролбек Акпаров билдирди деп жазат Turmush агенттиги.

Маалыматка караганда, кыздын жоголгонуна бир айга чукулдап калган. Кийинчерээк анын сөөгүн табышкан.

«Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү делип, өлгөн кыздын апасы менен бир тууган агасы кармалды. Учурда кызды алгач өлтүрүп туруп, кылмышты жашыруу үчүн сууга ыргытканы белгилүү болду», - деп айткан Акпаров.

«Апасы менен бир тууганынын мындай кадамга барышына кыздын күйөөгө чыкпай туруп, төрөгөнү себеп болгон. Никесиз төрөлгөн баласын жаш эне башка адамдарга асырап алууга берген. Муну уккан апасы менен байкеси «үй-бүлөнү уят кылдың» деген кине менен аны өлтүрүп, бутун байлап туруп сууга ыргытып жиберишкен», -деп жазат агенттик.