21.05.2018 18:05

Ноокен районунда селден бир адам каза тапты

Ноокен районунда селден бир адам каза тапты

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда айдоочуну унаасы менен кошо сел агызып кетип, ал каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-майда саат 04:00дөр чамасында Ноокен районунун Ак-Жийде айылында сел жүрүп, Матиз үлгүсүндөгү унааны агызып кеткен. Унаадагы 1998-жылы туулган жаранды жергиликтүү тургундар куткарып калышкан, ал эми унаанын айдоочусу М.Э. атуу 1965-жылы туулган адамды да сел агызып кетип, жансыз денеси табылган.