29.10.2018 15:34

Ноокенде окуучу баланы пахта басып калып, каза тапты

Ноокенде окуучу баланы пахта басып калып, каза тапты

Ноокен районуна караштуу Сакалды айыл аймагында 6-класстын окуучусу пахтага тумчугуп каза болду, деп жазат Turmush басылмасы.  

Маалыматка караганда, окуучунун ата-энеси талаада пахта терип жүргөндүктөн, үйдө чоң энесинен башка киши жок болгон. Короодо ойноп жаткан баланы ошол жерде үйүлүп турган 3 тоннадай пахта басып калган. Ал чыга албай, тумчугуп каза болгон.

Анын пахтанын алдында калганын ата-энеси талаадан келгенден кийин гана билишкен.