02.03.2018 10:19

Нооруз майрамына чейин Бишкекке 15 жаңы троллейбус келет

Нооруз майрамына чейин Бишкекке 15 жаңы троллейбус келет

Бишкек  троллейбус башкармалыгы 7 млн еврого 52 жаңы троллейбус сатып алат. Каражат Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан алынган насыя жана  гранттын эсебинен ишке ашат. Бул тууралуу кечээ, 1-мартта, башкармалыктын жетекчиси Артур Өмүрзаков шааардык кеңештин отурумунда билдирди.


Айтымында, жаңы троллейбустардын биринчи партиясы Россиядан сатылып алынат. "Тролза Маркет" ЖЧКсы 21-мартка чейин Бишкекке 15 троллейбус жеткирип берет, 16-майга чейин калган 22 унаа алынып келинет.

4-майда жана 8-июнда  "Белкоммунмаш"  ААКсы Белорусиядан дагы 15 троллейбус алып келет. 

Жаны  троллейбустар  №2, 6 жана  15  маршруттук каттам менен жүрмөкчү.