23.08.2018 13:15

Новопавловка айылында турак үй күйүп жатат

Новопавловка айылында турак үй күйүп жатат

Сокулук районундагы Новопавловка айылында бүгүн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Министрликтин маалымат кызматы билдиргендей, Новопавловка айылынын Ворошилов жана Киров көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан турак үй өрттөнүп жатканы тууралуу маалымат саат 12:20 чамаларында түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 12:20да Ленин райондук №6 АӨКБдан 1 бөлүм, саат 12:28де Сокулук райондук №23 АӨКБдан 2 бөлүм, саат 12:31де Ленин райондук №4 АӨКБдан 1 бөлүм, жалпы 4 бөлүм тартылып, тилсиз жоо менен жеринде күрөшүп жатышат.