03.07.2018 12:27

Новопавловкада бир жуманын ичинде алты үй тонолду

Бир эле жумада тонолгон алты үй Новопавловка айылы дурбөлөңгө тушуп, каалгаларын бекитип, коркуп отурган чагы. Каракчылар күн-тун дебей уурулукка кирип жатышат. Жашоочулар тартип сакчылардан жардам сурап, эшик каккылаганы менен жыйынтыксыз. Милиция кызматкерлери шектүүлөрду али таба элек. Укук коргоочулардан тынчый турган сөз уга албаган тургундар өз күчтөрү менен уурулардан сактана башташты.