08.10.2019 14:25

Новосибирск шаарында кыргыз жарандары катышкан мушташ боюнча кылмыш иши козголду

Новосибирск шаарында кыргыз жарандары катышкан мушташ боюнча кылмыш иши козголду

Россиянын Новосибирск шаарында кыргыз жарандары катышкан мушташ боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Кыргызстандын ИИМинин Орусиядагы өкүлчүлүгү билдирди.

Ага ылайык, 7-октябрда болгон жапырт мушташ боюнча Новосибирск шаарынын укук коргоо органдары тарабынан Орусиянын Жазык кодексинин 213-беренеси («Бейбаштык») жана 163-беренеси («Опузалап талап кылуу») менен кылмыш иши козголду.

Мушташтан аймактык органдарга 25 адам жеткирилип, суракка алынгандан кийин коё берилген. Ал эми жаракат алган беш адамга медициналык жардам көрсөтүлүп, алардын ичинен экөө ооруканага жаткырылды. Алар эмнеден жаракат алганы так айтылган жок.