10.10.2019 09:33

Новосибирсктеги мушташтан кийин ондон ашык мигрант Россиядан чыгарылат

Новосибирсктеги мушташтан кийин ондон ашык мигрант Россиядан чыгарылат

Новосибирск шаарындагы мушташтан кийин ондон ашык мигрант Россиядан чыгарылганы турат. Бул туурасында орус басылмалары кабарлоодо.

Маалыматка караганда, полиция кызматкерлери Новосибирск шаарынын Ленин районунда жашаган эки жүзгө жакын башка мамлекеттин жарандарын текшерип чыгышты. 11 чет өлкөлүк жаран аатйын жайга жайгаштырылды. 

«Учурда аларды Россиядан чыгарып жиберүү үчүy материалдар топтолууда. Бардыгы 195 киши текшерилди, алардын отузу полиция бөлүмүнө жеткирилди», — деп билдирген Россия ИИМинин Башкы башкармалыгы. 

Эскерте кетсек, мушташ 7-октябрда Новосибирск шаарынын базарында чыккан. Анын себеби катары кыргыздардын бири-биринен акча талап кылганын айтышат. Массалык мушташ фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Беш жабырлануучу медициналык жардам алып, экөө ооруканага жаткырылган.