15.02.2019 14:51

Нурбек Касымбеков: Конституциялык палата кабыл алынган мыйзамды жокко чыгарышы толук мүмкүн

Нурбек Касымбеков: Конституциялык палата кабыл алынган мыйзамды жокко чыгарышы толук мүмкүн

«Конституциялык палата «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» мыйзамды жокко чыгарышы мүмкүн», - деп билдирди КРнын Жогорку сотунун Конституциялык палатасындагы мурдагы туруктуу өкүлү Нурбек Касымбеков. 

2019-жылдын 13-февралында парламент Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоорун 2-окууда кабыл алды.

Бул мыйзам долбоорун 2-окууда кароодо кошумча киргизилген кээ бир сунуштар адамдын жана жарандын конституциялык укуктарын чектөө менен Конституцияга карама-каршы келет.

Депутат Акылбек Жапаровдун сунушу менен “Кыргыз Республикасынын экс-президенти мамлекеттик бийлик органдарында саясий, атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлөөгө, ошондой эле саясий партиянын жетектөөчү органдарындагы кызмат орундарын ээлөөгө же болбосо саясий партиянын ишмердигине башкача түрдө катышууга тийиш эмес” деген ченемдер кабыл алынды.

Бул жоболор экс-президент Алмазбек Атамбаев КСДП саясий партиясын жетектеп тургандыгына, жана анын саясий ишмердүүлүгүнө каршы кабыл алынган мыйзам долбоору болуп калды.

Конституциянын 63-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Президент өз ыйгарым укутарын жүзөгө ашырган мезгилде саясий партияга мүчөлүгүн токтото турат жана саясий партиялардын иштерине байланыштуу кандай гана болбосун аракеттерин токтотот. Башкача айтканда, саясий партиянын ишмердигине катышууну токтотуу Президентке гана тийиштүү. Экс-президентке бул чектөө тийиштүү эмес.

Бул чектөөлөр  Конституциянын төмөнкү ченемдерине карама-каршы келет:

  • Эч ким саясий же башка ынанымдары, ошондой эле башка жагдайлары боюнча кодулоого алынышы мүмкүн эмес (Конституциянын 16-беренесинин 2-бөлүгү);
  • Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин жокко чыгаруучу же кемсинтүүчү мыйзамдар кабыл алынбашы керек (Конституциянын 20-беренесинин 1-бөлүгү)
  • Ар кимдин тынч чогулуш өткөрүүгө укугу (Конституциянын 34-беренесинин 1-бөлүгү);
  • Ар кимдин биригүү эркиндигине укугу (Конституциянын 35-беренеси).
  • Ар кимдин эркин эмгектенүүгө, эмгекке жөндөмдүүлүгүн пайдаланууга, кесибин жана иштин түрүн тандоо укугу (Конституциянын 42-беренесинин 3-бөлүгү).
  • Жарандын республикалык жана жергиликтүү маанидеги мыйзамдарды, чечимдерди талкуулоого жана аларды кабыл алууга катышууга, мамлекеттик бийлик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайланууга, мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кирүүгө, мамлекеттик жана коомдук мааниси бар маселелер боюнча элдик курултайларды өткөрүүгө укуктары (Конституциянын 52-беренеси).

Андан тышкары, депутат Курманкул Зулушевдин сунушу менен Кыргыз Республикасынын экс-президентинин кол тийбестигине байланыштуу жоболору 2007-жылдын  23-октябрынан тартып колдонула тургандыгы кабыл алынды.

Бул болсо Конституциянын 28-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн “Адамдын жоопкерчилигин белгилөөчү же оорлотуучу мыйзам өткөн мезгилге карата колдонулбайт” деген ченемге карама-каршы келет.

Анткени, азыркы учурдагы мыйзам боюнча экс-президентинин кол тийбестиги абсолюттук болуп, ал Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын аткарган мезгилинде жасаган аракеттери үчүн жазык жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн эмес болгон. Ал эми кабыл алынган долбоор боюнча экс-президенттин кол тийбестигинин алынышынын жол-жоболору каралды. Башкача айтканда, мурда жоопкерчилик жок болгон болсо, эми жоопкерчилик белгиленди. Демек, адамдын жоопкерчилигин белгилеген мыйзамды артка, өткөн мезгилге карата колдонуу Конституцияга карама-каршы келет.

Ошондуктан, бул мыйзам долбоорун парламент 2-окуунун режимине кайтарып, Конституцияга ылайык келтирүүсү зарыл жана ал өткөн мезгилге карата колдонулбашы керек.

«Эгерде бул мыйзам долбоору ушул бойдон кабыл алынып, ага Президент кол койсо аны жокко чыгаруу боюнча Конституцияга карама-каршы келгендигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына жарандардан кайрылуулар болушу күтүлөт жана натыйжада мыйзам жокко чыгарылышы толук мүмкүн».