27.02.2019 13:15

Нурбек Касымбеков: Тергөө ЖЭБ боюнча чындыкка коошпогон айыптоолорду тагууда

Нурбек Касымбеков: Тергөө ЖЭБ боюнча чындыкка коошпогон айыптоолорду тагууда

Тергөө ЖЭБ иши боюнча жок нерсени ойлоп чыгарууда. Бул туурасында КСДП Саясий кеңешинин мүчөсү Нурбек Касымбеков билдирди. 

Анын айтымында, тергөө объектини ачкычына дейре бүтүрүп, тапшырганы - жарабайт деп, айып тагууда. Касымбековдун ою боюнча, бул дүйнөлүк практика. 

«СССР убагында деле объектилер ачкычына дейре бүтүрүлүп, тапшырылчу. Тергөө бул айыптоону кайсы себеп менен алганы түшүнүксүз. Андан тышкары, туура эмес баа коюшкан деп жатышат. КВт үчүн эң арзан бааны сунуштаган компания тандалганы баарына белгилүү», - деди ал. 

Касымбеков жылдап бүтпөй жаткан долбоорлор бар экенин, ал эми ЖЭБ үч жылда ийгиликтүү салынып бүткөнүн белгиледи. 

«Атамбаевдин айланасындагыларды камап жатканы сокур адамга да көрүнүп турат. Ал эми, чыныгы коррупционерлер кармалышкан жок. Биз коомчулукка азыр айыпталып жаткандар күнөөсүз экени тууралуу чындыкты жеткирүүгө аракет кылабыз», - деди Касымбеков.