22.05.2019 17:29

Нурбек Токтакунов: Эмне үчүн ЖЭБ ишинде жабырлануучулар парламентти күнөөлөбөйт?

Нурбек Токтакунов: Эмне үчүн ЖЭБ ишинде жабырлануучулар парламентти күнөөлөбөйт?

Свердлов райондук сотунда бүгүн, 22-майда ЖЭБ жаңылоо иши боюнча соттук процесс уланып жатат.  Отурумда «Электр станциялары» ААК өкүлү Урматбек Камбаров жабырлануучу катары сурак берүүдө.

Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов сурактын жүрүшүндө парламент депутаттарынын айыпталуучулар катары ишке тартылбаганынын себептерине кызыкты.

«Эмне үчүн сиздер парламент комитеттеринин төрагаларын айыптабайсыздар? Парламент ратификациялабаса, TBEA менен макулдашуу күчүнө кирмек эмес», - деди Токтакунов.

Камбаров бул маселени ошол кезде энергетика министри болуп турган  Осмонбек Артыкбаев сүрөмөлөгөнүн билдирди.

«Артыкбаев депутаттарды кол коюуга үндөгөн.  Анын үстүнө, тергөө айыптуулар катары дал ушул соттолуучуларды таанууну чечкен», - деди ал.

Токтакунов ким айыпталаарын тергөө эмес, жабырлануучулар чечиши керек деген оюн билдирди.