12.12.2019 13:34

Нурбек Токтакунов: Раимбек Матраимовдун үстүнөн түшкөн арызды Башкы прокуратура көз жаздымда калтырууда

Башкы прокуратура адвокат Нурбек Токтакуновдун арызын көз жаздымда калтырууда. Ал мыйзамсыз байыды делген мурунку бажычы Раимбек Матраимовдун үстүнөн арызданган. Бул тууралуу кайрылуусун Нурбек Токтакунов YouTube каналына жайгаштырды.

Ал белгилегендей, “Сооронбай Жээнбеков кылмыштардын бирдиктүү регистры – сот реформасынын жетишкендиги, эми эч ким арыздарды көз жаздымда калтыра албайт деп айткан күнү башкы прокурор Жамшитов мыйзамды бузуп, Раим Матраимовдун үстүнөн жазган арызын карабай койгон”.

Эске салсак, мурдараак Нурбек Токтакунов Раимбек Матраимовдун расмий кирешесинен алда канча көп чексиз байлыгы боюнча башкы прокуратурага кайрылганын айткан эле.

Кайрылуусунда Н. Токтакунов Раимбек Матраимовдун тапкан кирешелери жана мүлктөрү тууралуу айтып берген.