16.12.2019 10:45

Жактоочу Нурбек Токтакуновдун айдоочусунга кол салышты

Жактоочу Нурбек Токтакуновдун айдоочусунга кол салышты

Жарандык көзөмөл комитети адвокаттар Нурбек Токтакунов жана Замир Жоошевдин коопсуздугун камсыздоону Кыргызстандын ИИМнен талап кылышат.

Комитеттин кайрылуусуна ылайык, Нурбек Токтакуновго өлкөдөн чыгып кетүү тууралуу анонимдүү билдирүүлөр келип түшүүдө. Ал эми Замир Жоошевди Аскер прокуратурасы суракка чагырды. Болбосо жактоочуларды суракка алуу мүмкүн эмес.

Анын үстүнө, 14-декабрда саат 6:00 чамасында үйүндө жүргөн Нурбек Токтакуновдун айдоочусу Азамат Ильясовго белгисиз адам кол салган. Тагыраагы таң эрте эшигин такылдатып, ачтырып, үйдүн ээсин токмоктогон. Жактоочунун айдоочусу токтоосуз милиция кызматкерлерин чакырган.

Комитет таркаткан маалыматка караганда милиция бир сааттан кийин гана жетип келген.

«Азамат Ильясовго ким кол салганын, анын үйүнүн дарегин кол салган адамга ким бергенин дыкат териштирип, аныктап берүүгө чакырабыз», - деп айтылат уюмдун кайрылуусунда.