04.06.2019 17:06

Нурбек Токтакунов: Соода-өнөр жай палатасынын экспертизасынын актысы жарым жыл мурун жасалган

Нурбек Токтакунов: Соода-өнөр жай палатасынын экспертизасынын актысы жарым жыл мурун жасалган

Тарых музейи жана Чолпон-Атадаг ат майдан боюнча ачылган иштин алдын ала угуулары 31-майда өттү. Бул иш боюнча мурунку өкмөт башчы Сапар Исаков менен президент аппаратынын жарандык өнүктүрүү, этникалык жана диний саясат бөлүмүнүн мурунку башчысы Мира Карыбаева өтүп жатат.

Жактоочу Нурбек Токтакуновдун айтымында, алдын ала угуулар жабык эшик артында өттү.

«Алдын ала угуунун эң маанилүү милдети - алынган далилдерди соттук териштирүү ишинде колдонууга болоорун карап чыгуу. Эгер кандайдыр-бир далил кылмыш-жазык процессин бузуу менен алынган болсо, сот аны далилдердин катарынан алып коюшу керек жана аларды ачыктоого болбойт»

Исаков менен Карыбаеванын жактоочулары далилдердин тизмесинен  Соода-өнөр жай палатасынын экспертизасынын актын алып салууну өтүнүштү.  

«Экспертиза боюнча Соода-өнөр жай палатасынын кайсы бир эксперти бир нече соода түйүндөрүнүн сатуучуларынан музейди жаңылоого колдонулган товарларга окшош товарлардын бааларын оозеки түрүндө сурап чыгыптыр. Бул арада мыйзам жана Соода-өнөр жай палатасынын жобосу боюнча экспертиза товардын сапатын, санын жана толуктугун көзөмөлдөө боюнча гана өткөрүлөт. Анын базар баасынын деңгээлин аныктоо «Кыргызэкспертизанын» компетенциясына кирбейт.  Андан сырткары, экспертизанын актысы тергөөчү экспертиза дайындай электе эле, жарым жыл мурун жасалган!  Мындай тескери тартип менен, шектүү адамдын экспертизага катышуу укугун ишке ашыруу мүмкүн эмес, анткени ал эбак даяр болгон».

Адвокат сотко бул акылга сыйбаган мыйзам бузуу тууралуу  билдирип жатып, сот анын өтүнүчүн кабыл алаарынан шек санаган эмес. Бирок, сот Айбек Эрнис уулу эски Жазык-процессуалдык кодекске шылтоо менен өтүнүчтү четке какты.