17.07.2018 09:40

Нурбек Токтакунов: УКМК кызматкери Сапар Исаковду жактоочунун кызматынан баш тартууга мажбурлаган

Нурбек Токтакунов: УКМК кызматкери Сапар Исаковду жактоочунун кызматынан баш тартууга мажбурлаган

УКМКнын кызматкери мурунку премьер-министр Сапар Исаковду коркутуп-үркүтүү менен жактоочу Нурбек Токтакуновдун кызматынан баш тартууга мажбурлаган. Бул туурасында адвокатка Исаков өзү УКМКнын имаратындагы жолугушуусунда билдирген. 

Нурбек Токтакуновдун маалыматына караганда, 13-июль күнү саат 11:00дө Сапар Исаков УКМКнын тергөөчүсү Кубанычбек Сабыровдун иш бөлмөсүнө чакырылган. Тергөөчү өзү кабинеттен чыгып кетип, УКМКнын өзүн Илим деп тааныштырган кызматкери Сапар Исаковго «жактоочу Нурбек Токтакуновдун кызматынан баш тартууну» сунуштаган. Болбосо, бир кезде  WikiLeaks сайтында жарыяланып, Сапар Исаковдун да аты эскертилген макала боюнча кылмыш ишин козгоорун айткан. «Сапар Исаков бул сунуштан баш тартып, мага тергөө тарабынан болуп жаткан мындай коркутууларды коомчулукка билдирүүмдү тапшырды», - деп жазат Нурбек Токтакунов.