07.08.2018 14:13

Нурбек Токтакунов ЖЭБди жаңылоо ишине байланыштуу Башкы прокуратурага арыз жолдоду

Нурбек Токтакунов ЖЭБди жаңылоо ишине байланыштуу Башкы прокуратурага арыз жолдоду

Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов ЖЭБди жаңылоо ишинде айрым күнөөлүүлөр жоопко тартылбай жатканы тууралуу Башкы прокуратурага арыз жазды. Бул туурасында ал Фейсбуктагы баракчасында билдирди. Жактоочу бул кадамга барууга убада кылынган президент менен жолугушуу болбой жатканы себеп болгонун айтат. 

«ЖЭБ боюнча иш- бул элдин мамлекеттик маанидеги чечимди талкуулоо укугунан ажыратылгандыгы  боюнча иш. Бийликтин мамлекеттик деңгээлдеги чечимдерди эл менен талкуулоого милдеттүү экени Баш мыйзамдын 52-беренесинде жазылган. Осмонбек Артыкбаев насыялык келишимди ратификациялоочу  мыйзам долбоорун элди кошпой даярдаган. Парламент бул мыйзам долбоорундагы аталган кемчиликти көрсөтүп, анан талкуу өткөрүш керек эле.  

Бул жерде негизги жоопкерчилик 3 комитеттин жетекчилеринде жатат. Бирок, эмнегедир тергөө аларды көңүлгө албай эле. Бул балким, алардын башкаруучу топко жакындыгы, жадагалса туугандык жайы бар экенинен улам болсо керек. Бирок, жемкорлук менен чыныгы күрөш эч нерсеге карабастан жүрүп жатат, биринчи кезекте, башкаруучу топтун өкүлдөрүн жоопко тартуу керек.  Бул багытта иш кандай болоорун көрө жатарбыз», -деп жазат жактоочу. 

Ошондой эле, Нурбек Токтакунов  Башкы прокуратурага жолдогон арызынын текстин толук келтирип, эгер президент чындап эле кабыл алып калса, ага айтаар сөзү бар экенин билдирет.

«Мен президентке учурдагы республикалык маанидеги мыйзам долбоорлорун көрсөтөм, алар да элдин талкуусуна коюлган эмес. Менде булар аңкоо элдин көңүлүн атайын мурунку бийликтин өкүлдөрүн камоого буруп, анын ызы-чуусунун арты менен башка насыяларды жеп жатышат деген күмөн бар. Анткени, тергөө акча уурдоонун негизги механизмин ачыктабай жатат, тилекке каршы, ЖЭБ боюнча иш башка багыт менен кетип баратат»,- дейт Токтакунов. 

Жактоочу Фейсбукка Башкы прокуратурага жазган арызынын толук текстин жайгаштырган.

Так как я еще не приглашен на обещанный прием к президенту, куда я в свою очередь пообещал принести материалы на...

Posted by Nurbek Toktakunov on Monday, August 6, 2018