12.09.2019 10:08

Айбек Калиев алдамчылыкка айыпталууда

  ЖЭБ чуусу (4 материала)
Айбек Калиев алдамчылыкка айыпталууда

Улуттук энергохолдингдин мурунку башчысы Айбек Калиевге дагы бир айып тагылды. Бул тууралуу анын жактоочусу Бактыбек Жумашевге таянып, 24.kg жазып чыкты.

Белгилей кетсек, Айбек Калиев Бишкек ЖЭБди модернизациялоо боюнча ачылган кылмыш иште айыпталуучу катары УКМКнын Тергөө абагында отурат.

Бактыбек Жумашевдин айтымында, Айбек Калиев "ишеничке кирип ТВЕАдан алынган унааны алдамчылык жолу менен үчүнчү жакка сатып жиберди" деп айыпталууда.

«Бул унааны тергөөчүлөр кылмыш жолу менен алынган мүлк деп катташкан. Бирок, андай эмес. Ошондой эле унааны ал өзү саткан эмес, анын иниси саткан. Акчаны түзүлгөн келишимге ылайык алган. Мында эч кандай мыйзам бузуу жок», -деди жактоочу.

Эске сала кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча «Бишкек ЖЭБин модернизациялоо» долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 миллиард 439 миллион сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.