04.04.2020 13:34

Сапар Исаков 1-тергөө абагына которулду

Сапар Исаков 1-тергөө абагына которулду

Мурдакы премьер-министр Сапар Исаков УКМКнын тергөө абагынан Бишкек шаарындагы № 1 Тергөө абагына которулду. Бул тууралуу анын жактоочусу Нурбек Токтакунов билдирди.

Анын айтымында, Сапар Исаков кечээ которулган.

«Бул ЖЭБти модернизациялоо боюнча соттун чечиминин күчүнө киришине байланыштуу болушу мүмкүн. Бирок, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Чолпон-Атадагы ипподромдун курулушу боюнча соттук териштирүү жүрүп жатат. Сапар Исаков УКМКда кала берсе болмок», — дейт ал.

Айтымында, Сапар Исаков Сооронбай Жээнбеков менен  Алмазбек Атамбаевге каршы кызматташуудан баш тарткандан кийин куугунтуктоолор башталган.

«Сапар Исаковго криминал аркылуу басым көрсөтүш үчүн аны зарыл түрдө колонияга көчүрүп жатышат», - дейт Нурбек Токтакунов.

Эске салсак, райондук соттун өкүмү менен мурунку өкмөт башчысы Сапар Исаков 15 жылга эркинен ажыратылды. Андан тышкары, Улуттук энергохолдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, мурунку өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев жана «Электрдик станциялар» ААКнын мурунку башчысы Салайдин Авазов дагы камалган.

Мурунку энергетика министри Осмонбек Артыкбаев менен Финансы министри Ольга Лавровага айып салынган.