14.02.2020 10:13

Нурсултан Назарбаевке небереси каршы чыкты. Айсултан Назарбаевдин билдирүүсү

Нурсултан Назарбаевке небереси каршы чыкты. Айсултан Назарбаевдин билдирүүсү

Айсултан Назарбаев Улуу Британиядан башпаанек сурады. Бүл тууралуу Казакстандын тунгуч президентинин небереси күн мурун, 13-февралда өзүнүн Facebook-баракчасына жазып чыкты.

“Учурда үй-бүлөм мага турдүү жолдор менен кысым көрсөтүүдө. Чечкиндүү кадамдарга барууга аргасыз болдум”, - дейт Айсултан Назарбаев.

Айтымында ал Орусия менен Казакстандын бийлик ээлеринин ортосундагы коррупция тууралуу маалыматка ээ.

Белгилей кетсек, 29 жаштагы Айсултан — Нурсултан Назарбаевдин тун кызы, парламент төрайымы Дарига Назарбаеванын уулу. Ал былтыр октябрда Лондондо полицияга кол салган деген айып менен шарттуу кесилген. Буга анын баңгизат чегип алган абалында полиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, алардын бирин тиштеп алганы себеп болгон.

Натыйжада Назарбаевдин небереси 140 сааттык коомдук жумушка чегерилип жана баңгизат көз карандылыгынан арылыш үчүн атайын сабактарга барууга милдеттендирилген. Окуядан кийин ал баңгиликтен дарылаган «Priory» аттуу ооруканага жаткырылган.

Айсултан Назарбаевдин кийинки убактагы билдирүүлөрү боюнча Казакстандын биринчи президентинин үй-бүлөсү комментарий бере элек. Бирок аталган көйгө боюнча Казакстандын маалымат жана коомдук өнүгүү министри Даурен Абаев казак ЖМКлары аркылуу үн катты.

Ал Айсултандын постторуна эмес, анын саламаттыгына тынчсыздануу керектигин айтты.

«Мен бул посттор айрым адамдардын манипуляциясынын астында жазылганын так айта алам. Өкүнүчтүү, бирок бүгүнкү күндө Айсултандын атын жана анын абалын пайдалангандар чыкты. Ачык эле айтайын, ал көп убакыт бою баңгизатынын таасиринде жүргөн», — деген министр.