11.10.2018 14:18

Официант менен күзөтчүнү сабап качкан шектүү кармалды

Официант менен күзөтчүнү сабап качкан шектүү кармалды

Бишкекте кафенин официанты менен күзөт кызматкерин сабоого шектелгендердин бири кармалды. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

2018-жылдын 6-октябрында болжол менен эртең мененки 07:00дө Арген аттуу адам жанындагы эки кишиси менен өзү бармен болуп иштеген кафенин терезесин чагып, залга кирип, күзөтчү менен официантты сабап, анан качып кетишкен.

Бул факт боюнча Биринчи Май РИИБ тарабынан 234-берене менен (бейбаштык) кылмыш иши козголгон. 

Ыкчам-издөө иш чараларынын аркасында Чүй облусунун мурда эки жолу соттолгон 51 жаштагы жашоочусу кармалды. Ал Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда милиция кылмышка катышкан дагы эки адамды издөөдө.