25.12.2018 10:00

Октябрь райондук соту табып Ашым Зайналиев боюнча чечим чыгарды

Октябрь райондук соту табып Ашым Зайналиев боюнча чечим чыгарды

Октябрь райондук соту табып Ашым Зайналиевди 2 ай Тергөө изоляторунда кармап туруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИББдин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой,  20-декабрда Октябрь райондук ИИБге А.С. аттуу жаран арыз менен кайрылып, Зайналиевге чара көрүүнү суранган. Арызда 2016-жылдын апрель айында кайненеси Зайналиевдин клиникасына кайрылганын көрсөткөн. Онкологиялык ооруга чалдыккандарды дарылоого укук берүүчү лицензиясы жок экенине карабай, табып аялды толук айыктырып берүүнү убадалап, клиникасына жаткырган. 

Бейтап июнь айына чейин анын көзөмөлүндө болгон. Бул үчүн Зайналиев аялдан 100 миң сом алып, июнда саламаттыгы өтө начарлаган абалда клиникасынан чыгарып салган. Аял каза тапкан.

22-декабрда бул факт боюнча Октябрь райондук ИИБдин Тергөө кызматы тарабынан «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Коомчулук алгач ирет бул ээнбаш табып тууралуу 2 жыл мурун билип баштаган. Анда Зайналиев онкологиялык ооруга чалдыккан аялдын эмчегин наркозу жок кесип, аял каза тапкан. Аялдын туугандары тараптан арыз түшпөгөндүктөн, ачылган кылмыш иш жыл айланып кайра жабылган.

Бир ай мурун табыптын кылтагына илинип, анын табышмактуу дарылоосунан абалы начарлап кеткен 5 жаштагы кыз тууралуу белгилүү болгон. Табыпка «Мыйзамсыз дарыгерлик» жана «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Бирок, кыздын ата-энеси арыз жазган эмес.