30.01.2019 15:25

Октябрь райондук сотунда 3 саясатчынын доо арызы боюнча биринчи отурум болуп өттү

Октябрь райондук сотунда  3 саясатчынын доо арызы боюнча биринчи отурум болуп өттү

Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда бүгүн, 30-январда 3 саясатчынын «Апрель» телеканалынын жетекчисинин жана экс-президенттин үстүнөн жазган доо арызын кароо боюнча алгачкы отурум болуп өттү.

Соттук отурумду алып барган судья Альбина Жээнбекова доочулар жана жооп берүүчү тарап менен таанышып, доочулардан арызын кайтарып алуу ниети жоктугун тактады. Доогер тараптын өкүлү Динара Ашымова арызды кайтарып албай турганын билдирүү менен, кийинки отурумга Азимбек Бекназаров, Акматбек Келдибеков жана Кеңешбек Дүйшөбаев өзүлөрү катыша турганын маалымдады.  

Ал эми, «Апрель» телеканалынын жана экс-президент Атамбаевдин жактоочулары доо арызда коюлган айыптар менен макул эместигин айтышты. Белгилей кетүүчү жагдай, буга чейин доо арыз «Апрель» телеканалынын жетекчиси Дмитрий Ложниковдун атына берилсе, эми жооп берүүчү катары «Апрель» телеканалы көрсөтүлгөнү аныкталды.

Соттук отурум мамлекеттик тилде өттү. Буга жүйөө катары доо арыз жазууга себеп болгон маалыматтын мамлекеттик тилде айтылганы келтирилди. Кийинки отурум 15-февралга, саат 16:00гө белгиленди. 

Эскерте кетсек, мурунку саясатчылар Акматбек Келдибеков, Азимбек Бекназаров жана Кеңешбек Дүйшөбаев экс-президент Алмазбек Атамбаев менен «Апрель» телеканалынын директору Дмитрий  Ложниковдун үстүнөн сотко арызданып, ар биринен 9 миллиондон өндүрүп берүүнү суранышкан. Алардын нааразычылыгына  - экс-президенттин 10-декабрда «Апрель» телеканалына маек берип жатып, бул адамдар тууралуу айткан сөздөрү себеп болгон.

«Апрель» телеканалынын директору Дмитрий Ложников April.kg порталына өз чындыгын коргош үчүн мурунку саясатчылар менен соттошууга даяр экенин билдирген. Телеканал маекте айтылган сөздөргө төгүндөө бербейт. Анын айтымында, Алмазбек Атамбаевдин сөздөрүндө жалаа, же фактыларды бурмалоо жок.