16.04.2018 16:21

"Олжолуу" чөнтөкчүлөр колго түштү, жандарынан 12 капчык табылган

"Олжолуу" чөнтөкчүлөр колго түштү, жандарынан  12 капчык табылган

Биринчи май райондук Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери маршруттук унааларда чөнтөкчүлүк кылган деген шек менен эки жаранды кармады. Бул туурасында укук коргоо органдарынан билдиришти.

13-апрель күнү маршруттук таксиден күрмөсүнүн чөнтөгүнөн 18 миң сомун алдырып жиберген шаар тургуну арыз менен милиция кызматкерлерине кайрылган. 

Укук коргоо органдары бул фактыны каттап, 164- берене “Уурдоо” боюнча кылмыш ишин козгошкон. Ыкчам-иликтөөлөрдүн жүрүшүндө аталган кылмышка шектүү эки жаран кармалды. Алар: 2000-жылы төрөлгөн Т.А. ,жана 1994-жылы төрөлгөн Т.уулу.Д.,

Шектүүлөрдү кармоо учурунда, алардан: барсетка, 12  капчык, анын ичинде: 6 даана айдоочу күбөлүгү, 4 даана техникалык күбөлүк, 9 даана банка карточкасы, 3 даана чөнтөк телефон, 6 даана ишеним кат, 3 даана симкарта, 1 даана беткап табылган.

Учурда кармалгандар 15 уурдоо ишине катышкан деп шектелүүдө, алардын сегизи боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүүлөр 2 айга убактылуу камакка алынды.